“Шейшемби күнү телеканалдардын эртең мененки көрсөтүүлөрүндө бир дагы кыргыз тилиндеги берүү жок экен”, - деп бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө кыргыз тили өнүкпөсө мамлекет сакталбай калат.
“Телеканалдарга прайм-тайм учурунда 50 пайыз кыргыз тили болсун деп былтыр сунуш киргизгенбиз. Бир жыл болоюн деп калды ушул мыйзамды кабыл албай жатабыз. Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн бюджеттен 200 миллион сом каралат экен. Ошондуктан кезексиз каароого киргизели”, - деди Бабанов.