Америкалык актриса Мэрилин Монронун мурда жарыяланбаган, кош бойлуу кезинде түшкөн сүрөттөрү интернетке тарады. Сүрөттөр 1960-жылы Нью-Йорк шаарында "Айласы кеткендер" тасма аянтчасында эс алуу учурунда тартылган. Ошол учурда 34 жаштагы кинодива "Сүйүү менен алектенебиз" тасмасындагы өнөктөшү Ив Монтандан кош бойлуу болгон. Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.
Сүрөттүн автору актрисанын жакын курбусу Фрида Халл болгон. "Монро өзүнүн кош бойлуу экенин ооруканага каттап жүрүп, баласын жоготконго чейин эч кимге айтпай жашырып жүргөн", - деп билдирген басылмага Халлдын таанышы Тони Майклс. Анын айтымында, ал Фридага сүрөттөрдү сатып, жакшы жашоо түзүүгө болорун айткан. Бирок Фрида сүрөттөрдү сатуу - Монрону сатып кеткенге барабар экенин айтып, аларды өзүндө сактап келген.
Фрида Халл 2014-жылы каза болгон. Монронун сүрөттөрү анын буюмунун бир бөлүгү катары өткөн жылы аукционго коюлган. Майклс кош бойлуу актрисанын сүрөтүнүн тарыхын билгендиктен 2240 долларга сатып алган.
Ошондой эле басылма Монро балалуу болууну каалаганын, бирок төрөй албаганын айтат. Мэрилин сүрөттөгү кош бойлуу болгонго чейин үч ирет боюнан түшүп калса да, эне болуу үмүтүн үзгөн эмес. Бирок ушул күнгө чейин эмне себептен кезектеги баласын жоготуп алганы белгисиз.
Белгилей кетсек, Мэрилин Монро 1962-жылы 5-августта Калифорния штатынын Брентвуд шаарында өз үйүндө 36 жаш курагында көп өлчөмдөгү уйку дарысын ичип алып каза тапкан.