Президент Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктары 2017-жылдын 30-ноябрында бүтөт. Мыйзамга ылайык, келерки президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтсө, андан ары Атамбаевдин президент катары 10 күн мөөнөтү калат. Ошону менен ал мамлекетти толук 6 жыл башкарган болот. Бул убакытта жаңы президент расмий түрдө кызматына киришүүгө үлгүрөбү? Кокус шайлоо 2 тур менен өтчү болсо, анда жаңы президенттин кызматка киришүүсү кечеңдеши мүмкүн. Бул учурда өлкө президентсиз калабы? Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовго кайрылып, айрым жагдайларды тактадык.
Шайлоо жөнүндө мыйзамда президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин мөөнөтү аяктоочу айдын 3-жекшембисинде өтөт деп турат. Демек, 2017-жылдын 19-ноябрында өтөт. БШК шайлоо жыйынтыгын 20 күндүн ичинде аныкташы керек. Ал эми учурдагы президенттин мөөнөтү 30-ноябрда бүтөт. 19-ноябрда шайлоо болсо, 9-декабрга чейин өлкө президентсиз калабы?
- Шайлоонун натыйжасы 20 күндүн ичинде чыгышы керек. Ал эми шайланган президент ошондон кийин 30 күндүн ичинде Жогорку Кеңешке ант берип, расмий кызматка киришет деп көрсөтүлгөн. Азыркы жаңы технологиялар өз убагында шайлоонун натыйжасын аныктоого мүмкүндүк берет. Ал эми бүгүнкү күндө шайлоо жаңы систем, заманбап технологиялардын жардамы менен өтүүдө. Мурунку шайлоолор көрсөттү да, болжолдуу жыйынтык 1-2 сааттын ичинде белгилүү болуп калууда. Менимче, президенттик шайлоодо деле расмий жыйынтыкты БШК өз убагында чыгарат.
Демек, президенттин мөөнөтү бүткүчө БШК расмий жыйынтыкты жарыялоого үлгүрөт?
- Бүгүнкүдөй шартта үлгүрүүгө мүмкүн.
Эгерде шайлоо 2 тур менен өтсөчү? Мыйзамга ылайык, 2-тур 19-ноябрдан 2 жумадан кийин болуш керек. Демек, эң эрте дегенде 2-тур 2017-жылдын 3-декабрында өтөт. Бул иштеп жаткан президенттин мөөнөтү бүтүп, жаңы президент кызматка кирише элек учур. Өлкөдө ким президенттикти аркалайт?
- БШК акыркы чечимди жарыялап, жаңы шайланган президент кызматка киришкенге чейин азыркы президент ордунда иштей берет.
Статусу кандай болот?
- Кадимкидей эле иштей берет. 2017-жылдын 30-ноябрында азыркы президенттин ишмердүүлүгү биротоло токтойт деген туура эмес. Мыйзамда мындай чектөө жок. Жаңы президент кызматына киришкенде гана ыйгарым укуктарын ага өткөрүп берип, кызматтан кетет. Андыктан келерки президенттик шайлоонун жыйынтыгы кайсы учурда жарыяланса деле өлкө президентсиз калбайт.
Келерки президенттик шайлоо 19-ноябрда өтөрү аныкпы?
- Конституциялык мыйзамда "президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан президенттин ал шайланган мөөнөттөгү ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт" деп жазылуу. Бирок шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңеш чечим кабыл алышы керек. Бул чечим шайлоо күнүнө чейин 4 ай калганда кечиктирбестен кабыл алынышы керек.