Мындан 51 жыл мурун, 1966-жылы 17-февралда Москванын "Шереметьево" аэропортунан Ту-114 учагы учарда кырсыкка кабылып, 21 адам каза болгон. Андан 3 күн мурда Москвада калың кар жаап, 16-февралдан 17-февралга караган түнү аэропортту туман каптап, кар эрип, жол тайгак болгон.
Экипаждын командири аба ырайына карабай учууну туура көргөн. Учак жерден көтөрүлөрдө шассилери үйүлгөн карга тийип, учакты солго бурган. Кийин сол дөңгөлөк учуучу жолдун чырагына тийип, ылдамдыгы төмөндөп, оң дөңгөлөгүнө күч келген. Учак оң капталына кулап, көңтөрүлүп кеткен.
17-февралга карата жылнаама