Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында 2017-жылдын 19-февралында саат 05:30дар чамасында кар көчкү түшүп, натыйжасында 2 турак үйдү басып калган.
Бир үй-бүлөдөгү 6 адамды жергиликтүү тургундар аман-эсен куткарышып, аймактык ооруканага жеткиришкен. Ал эми экинчи үйдө 6 адам болгон, алардын 4өө куткарылып, аймактык ооруканага жөнөтүлүп, экөөнүн өмүрүн сактай албай калышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каза тапкандар:
"19-февралда саат 13:00дө министрликтен 1 бөлмөлүү 2 даана мобилдик турак жай жана гуманитардык жардамдар бөлүндү", - деп жазылган министрликтин маалыматында.