Ырчы Салтанат Аширова Украинадагы "Голос" долбоорунун 7-сезонуна катышууда. Ырчынын катышуусундагы видео 19-февралда интернетке жүктөлгөн.
Алгачкы тандоо турунда мекендешибиз америкалык ырчы Алиша Киздин "Fallin'" чыгармасын аткарган. Ырдап бүтөрүнө бир нече секунд калганда калыстар тобундагы Ошто төрөлүп, Украинанын атынан "Евровидение-2016" сынагында биринчи орунду алган Жамала жана Потап ырчыга бурулушкан. Салтанат Аширова насаатчысы катары Потапты тандап алган.
Белгилей кетсек, "1+1 Голос Украины" долбоору 4 этап менен өткөрүлөт. Алгач ырчыларды тандап алышкан соӊ күрөшүү, нокаут жана жандуу эфир өтүп, жеӊүүчү аныкталат.