Бишкектеги "Жал Артис" турак жай комплексинде чет элдик жаранды коркутуп, күзөт кызматкерин сабагандарга кылмыш иши козголду

Бишкектеги "Жал Артис" турак жай комплексинде чет элдик жаранды коркутуп, күзөт кызматкерин сабагандарга карата "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин негизинде, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган К.Н. жана 1981-жылы туулган Б.К. кармалган. Азыркы тапта "А" аттуу жарандын өздүгү такталууда. Ал эми К.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Айта кетсек, окуя 19-февраль күнү "Жал Артис" турак жай комплексиндеги үйлөрдүн биринин 17-кабатында болгон. Анда белгисиз адамдар чет элдик жаран жашаган батирдин эшигин тепкилеп, коркутуп ачтырууга аракет кылышкан. Кийин комплекстин күзөт кызматкери келген учурда аны да сабап салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан