Бишкектеги "Жал Артис" турак жай комплексинде чет элдик жаранды коркутуп, күзөт кызматкерин сабаган жаран кармалды

Бишкектеги "Жал Артис" турак жай комплексинде чет элдик жаранды коркутуп, күзөт кызматкерин сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 19-февраль күнү "Жал Артис" турак жай комплексиндеги үйлөрдүн биринин 17-кабатында болгон. Анда белгисиз адамдар чет элдик жаран жашаган батирдин эшигин тепкилеп, коркутуп ачтырууга аракет кылышкан. Кийин комплекстин күзөт кызматкери келген учурда аны да сабап салышкан.

"Азыркы тапта окуя боюнча Ленин РИИБинин кызматкерлери иштеп жатат. Азырынча бир жаран кармалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир аздан кийин толук маалымат берилет", - деп билдиришти Бишкек ШИИББден.

Күзөтчүнү сабап салышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
semo
2017-02-20 20:52:23
Ушинтип чет елдиктерди тоноп жатышса бирөө келеби кыргызстанга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан