Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан президент Алмазбек Атамбаевдин Euronews'ка берген маегиндеги билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө сурады. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлайт.
Атамбаев өткөн жуманын аягында Европага барып, Euronews телеканалынын журналистинин Евразиялык экономикалык биримдиги тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Казакстан 2010-жылы чек арасын жапканы тууралуу айткан.
"Биз бирөө менен соода жүргүзүп, коңшулар менен иштешишибиз керек. Эгер биз биримдикке кирбесек, биз менен байланыштар үзүлмөк. 2010-жылы Казакстан чек арасын 1,5 айга жаап салганда, адамдар өлгөн. Обочолотуу максаты менен байланышты үзүү - жаман нерсе", - деген Атамбаев.
Атамбаев бүгүн да Евробиримдигине кирүүгө даяр экенин билдирген.
Дүйшөмбү күнү Казакстандын сырткы саясий мекемеси бул тууралуу өз оюн билдирген.
"Биз Кыргыз президентинин билдирүүсүнө көңүл бурдук. Учурда кыргыз тараптан түшүндүрмө күтүүдөбүз", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле басылмалар 2010-жылы болгон Ош окуясын эскертишкен.