Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкекте элчиликтин алдында өткөн митинг боюнча жооп кайтарды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
“Бүгүн Кыргыз жарандары Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдында чек ара боюнча нааразычылык акциясын өткөрүп, Казакстандын жетекчилигинин дарегине петиция жөнөттү. Биздин оюбузча, Кыргыз коомчулугуна эки өлкөнүн ортосундагы чек арадагы абал жөнүндө туура эмес маалымат берилген. 18-октябрда эки өлкөнүн өкмөт башчылары Кыргыз-Казак чек арасында жөө жүргүнчүлөрдү, жеңил автоунааларды, жүк ташуучу унааларды өткөрүүдө артыкчылык тартип киргизүүнү камсыз кылуу боюнча сүйлөшкөн. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 25-октябрда Арменияда өткөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынында чек арада казак тараптан товарлар күчөтүлгөн тартипте текшерилип жатканынын себеби боюнча толук жооп берген”, - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, бүгүн Бишкек шаарындагы Казакстандын элчилигинин алдында чек аранын жабылуусуна каршы болгон жарандар нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алар чек аранын ачылуусун талап кылып, карапайым жарандар кыйналып жатканын билдиришти.