"Медиа-портал" бөлүмүндө көп талкууга алынган клиптердин бири - Айпери Кубик кызынын "Жолуктум сага эмне деп" ырынын клиби. Ырчы клипке жалпы 1800 доллар акча сарпталганын, бийге 3 жумадай даярданганын айтат.
"Клипте хореограф, бийчи Эрмек Керимбаев экөөбүз роль жараттык. Аны менен 7 жылдай убакыттан бери иштешип келем, андыктан бий жаатында тажрыйбам бар десем болот. Клипте сүйүү эки адамды байлап турган жип сымал экени көрсөтүлөт. Алар бири-биринен кетейин десе да сүйүү коё бербейт. Адамдардын ортосундагы мамилени, сүйүүнү, таарынычты, кыскасы, түгөйлөр ортосундагы болчу мамилени бий аркылуу көрсөтүү клиптин башкы максаты болгон", - дейт ырчы.
Ошондой эле ырчы клиптин режиссёру, клипмейкери Санжар Юлдашев экенин кошумчалады.
"Жолуктум сага эмне деп" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.