Бишкекте каракчылыкка шектелип, 4 жаран кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелип, 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 13-январында Көк-Жар жаңы конушунда болгон. Анда белгисиз адамдар турак үйлөрдүн бирине киришип, Т.Н. жана Т.Д. аттуу эки тургундун колу-бутун таңып, ок атуучу курал менен коркутушкан. Кийин сейфтин ичиндеги 800 АКШ долларын, 5000 сом жана 5 миң долларлык зер буюмдарды, 33 миң сомдук уюлдук телефонду алып кетишкен. Алгач кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну Б. уулу Э. кармалган. Кийин ыкчам иликтөө иштеринин негизинде жогорудагы каракчылыкка катышкан 31 жаштагы А.Р., 35 жаштагы О. уулу А., 32 жаштагы О.У. жана 19 жаштагы Д.К. колго түшкөн. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан