Азербайжандын президенти Ильхам Алиев аялын өлкөнүн биринчи вице-президенттигине дайындады

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев аялы Мехрибан Алиеваны өлкөнүн биринчи вице-президенттигине дайындады. Бул тууралуу 21-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Президент Мехрибан Алиеванын коомдук-саясий ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери, маданий жана эл аралык иштердеги ийгиликтери анын жогорку кызматка дайындалышына себеп болгонун билдирген.

Бул чечими тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы: "Бир топ жылдан бери коомдук-саясий иштерде Алиеванын ролу маанилүү болду, жалпысынан ар тараптуу ишмердүүлүктү аткарды. Ушул факторлор аны Азербайжандын биринчи вице-президенти кызматына дайындашыма түрткү болду", - деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан