Жайыл районундагы "Жунда" ишканасына мазут алып бараткан унаа кырсыкка кабылып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 21-февраль күнү саат 18:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 120-чакырымында болгон. Анда “Жунда” ишканасына мазут алып бараткан унаа жолдон кулап, мазут төгүлгөн. Айдоочу ошол жерде жан берген. Төгүлгөн мазут сууга жеткен эмес.
Учурда №9-жол тейлөө ишканасынан 10 адам мазут төгүлгөн жерди тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө.