ЖЫЛНААМА, 22-ФЕВРАЛЬ: 505 жыл мурун италиялык саякатчы Америго Веспуччи көз жумган

Мындан 505 жыл мурун, 1512-жылы 22-февралда италиялык саякатчы Америго Веспуччи көз жумган. Ал 1454-жылы 9-мартта Флоренцияда төрөлгөн. 1490-жылы Испаниянын Севилья аймагына көчүп барып соода агенти болуп иштеп, кеме жабдууларын толугу менен өздөштүрүп алган. Ошондой эле астрономияны жана навигацияны үйрөнгөн. 1492-жылы деңиз кызматкери болуп иштеп, Христофор Колумбдун экинчи жана үчүнчү экспедициясында кемелерди жабдылоого катышкан. 1499-1500-жылдары Алонсо де Охеданын экспедициясы менен бирге алгачкы жолу деңиз саякатына чыккан. 1499-жылдын жай мезгилинде Амазонканын дельтасын ачып, Түштүк Американын жээктерин изилдеген. Мындан тышкары 1501-1502, 1503-1504-жылдары Түштүк Американы изилдөөгө арналган экспедицияларга катышкан. 1507-жылы германиялык картограф Мартин Вальдземюллер дүйнөнүн атласын басып чыгарып жана география боюнча эссе жазып, анда жаңы ачылган жерлерди А.Веспуччинин урматына "Америка" деп атаган.

22-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан