Өлкөдө мал жандыктарынын жугуштуу ылаңдарына каршы алдын ала эмдөөлөр башталды

Өлкөдө мал жандыктарынын жугуштуу ылаңдарына каршы, алдын ала эмдөөлөр башталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.

Маалыматка караганда, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 120,9 миллион сомго сатылып алынган биокаражаттар өлкөнүн бардык айыл, шаарларына жеткирилүүдө.

Азыркы тапта шарп, сибирь жарасы, күл, кыргын, кутурма, бруцеллёз, эхинококкоз жугуштуу ылаңдарына каршы алдын ала эмдөө иштери жана жылкылардын маңка ылаңдарына аллергиялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Эпизоотиялык абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан