Таалайбек Долдоев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 22-февралда өкмөттөн билдиришти. Долдоев жазган арызынын негизинде кызматтан алынганы айтылат маалыматта.
Долдоев аталган районду 2012-жылдан бери жетектеп келген.