Жогорку Кеңештин депутаттар тобу судьялардын жана алардын жакындарынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү милдеттүү түрдө тыңшалсын деген талапты сунуштоодо. Бул сунуш бүгүн, 22-февралда Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында айтылды.
Мыйзам долбооруна ылайык, эгер судьяга мамлекеттик кызматтагы адам (президент, депутат, чиновник ж.б.) чыгарылып жаткан чечимге байланыштуу телефон чалса, судья бул тууралуу Соттор кеңешинин алдында түзүлчү тартип комиссиясына кайрылууга милдеттүү болуш керек.
"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун айтымында, судьялык кызматты ээлөөгө бараткан адам өзүнүн жана жакындарынын телефонун тыңшоого алууга макулдук бериши керектигин айтууда.
Мындан тышкары судьялыкка талапкерлерди 2 тур менен алуу, сынактын 2-турунда аларды калп тапкычтан өткөрүп, процессти ММКлардан түз көрсөтүү да сунушталууда.