Саякат. Дүйнө кыдыруу кыялын ишке ашырып жүргөн кыргыз кызынын Түштүк Кореядагы жашоосу

"Саякатоо - мен үчүн дүйнөнү таанып билүү, жаңы адамдар менен таанышуу, тажрыйба топтоо. Чет мамлекеттерде болгондон кийин жашоого көз карашым өзгөрдү, жер жүзүн кыдырып чыгуу кыялы пайда болду" деген Анара Болушева учурда Түштүк Кореяда билим алып жатат. Корей тили боюнча сынактарда байгелүү орундарды алып, эл аралык программанын алкагында өзүнүн командасы менен долбоор жазып биринчи орунду алган кыргыз кызы Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. Миңдеген башка кесиптин бирин тандап Анара Кыргыз жеринде иштеп калмак, бирок ал тил үйрөнүп жер таанууну чечкен. "Саякаттоо үчүн эмне керек?" деген суроомо күлүп "Акча керек. Мен акчаны чогултам. Мисалы, косметика, кийим, тамактар сыяктуу ыксыз чыгашаларды кылбайм", - дейт. Өзүнө болгон ишенимдин күчтүүлүгү, кызыктуу окуяларга даяр болуу керектигин кошумчалаган кыргыз кызы Түштүк Корея өлкөсүндөгү жашоосу тууралуу баяндап берди.

"Жигиттер көчөдө кызды жактырып калышса, барып таанышуудан тартынышат"

Бишкекте жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Түштүк Кореяда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, 2014-жылы күзүндө окуум башталды. Кинолордон көрүп сулуу кыздарды, Гу Жун Пёдой жигиттерди элестетчүбүз, жашоодо биз сыяктуу карапайым эл экен. Телеэкрандан көргөн актёрлор, ырчылар менен карапайым калк эки башкача. Бул жакта пластикалык операция аябай өнүккөн. Башында көп айырмалай алчу эмеспиз, азыр айырмалоо оңой болуп калды. Дорамалардагы укмуш жашоону көрүп, Кореяда баары ошентип жашайт деп ойлошу мүмкүн. Чындыгында андай эмес. Маселен, сериалдарда жигиттер аябай камкор, өзүнө ишенген, кыздар менен оңой мамиле түзө алгандай көрүнөт. Реалдуу жашоодо көчөдө же башка жерде бара жатканда корей жигити бир кызды жактырып калса таанышууга аракет кылбайт, уялышат анан кагуу жеп калам деп коркушат.

"Бир аз ачуу эмес" деген тамагы биз үчүн өтө ачуу болуп чыгат"

Корей ашканасы кыргыздын тамактарынан бир топ эле айырмаланат. Деңиз азыктарын көп колдонушат. Негизги тамактары күрүч анан жашылчалардан турат эмеспи. Эт жеп көнгөн кыргыздар үчүн тамагына көнүү кыйын болот. Көпчүлүк эркек балдар тамактан кыйналып арыктап кетишет. Тамакка байланыштуу көп кызыктуу окуялар болот. Даамын билбей сатып алган учурлар болот. Тамак аларда "ачуубу?" деп сурайбыз. Алардын "бир аз эле ачуу" дегени биз үчүн өтө ачуу болуп чыгат.

"Маданиятын таанытуу боюнча программалар көп, бирок учурда жаштар бул жаатта активдүү болбой калышты"

Корей эли маданиятына көп көңүл бурат. Өз маданиятын, тарыхын чет элдиктерге таанытуу максатында иштеген уюмдар, программалар көп. Алардын баары акысыз. Окуу жай тарабынан дагы ар кандай экскурсиялар уюштурулуп турат. Мамлекет тарабынан маданиятты өнүктүрүү жана кийинки муунга жеткирүү жаатында колдоо көрсөтүлөт. Улуттук майрамдарда же башка иш-чараларда сөзсүз улуттук кийимин кийишет. Учурда корей жаштарынын бул тармакта анчейин активдүү эмес экенин байкоого болот.

"Чөнтөкчүлөр жокко эсе, жоголгон буюм үчүн кабатырланбаса да болот"

Бул жакта ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Коомдук транспорт - автобустар жана метролор таза, бардык жерде камералар орнотулган. Бир шаардан экинчи шаарга чейин атайын автобустар бар. Бардык нерсе бат бүтүшүн жактырышат. Көчөлөрдү оңдоо же тазалоо иштери кечинде жүргүзүлөт. Көчөлөрдү жабуу деген болбойт. Таштанды салчу чакалар аз болсо да эл туш келди жерге таштанды таштабайт. Көчөлөрдө, метродо, эс алуучу жайларда дааратканалар акысыз жана таза турат. Чөнтөкчүлөр жок, элдер коомдук транспортто эркин жүрүшөт. Эгер буюмуңузду жоготуп койсоңуз кабатырланбай унутуп кеткен жерге барсаңыз болот. Өз ордунда турган болот же таап алган адам сөзсүз жакынкы милиция бөлүмүнө, метродогу жоголгон буюмдар бюросуна алып келип берет. Жакында эле бир жерге телефонумду унутуп кеткен учур болду, бир сааттан кийин барсам кароолчу алып койгон экен, кайтарып берди.

"Бул жактагы тоолор Кыргыз жериндеги адырлар сыяктуу. Ошентсе да тоо туризми өнүккөн"

Буларда жыл мезгилине жараша түрдүү фестивалдар өтүп турат. Мисалы, жазында гүл фестивалы, кышында кар фестивалы сыяктуу. Жайында баткак фестивалын өткөрүшүп бирин-бири ылай менен уруп ойношот. Мындан сырткары муз, суу, мөмө жемиштер, ыр-бий, кино фестивалдары өткөрүлөт. Тоо туризмди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул жактагы тоолор Кыргыз жериндеги адырлар сыяктуу. Ошентсе деле тоо туризми өнүккөн. Корей эли аябай мээнеткеч калк келишет. Күнү-түнү иштешет, ошон үчүн кыска убакытта өнүгүштү, кичи пейил болушат. Өзгөчө чет элдиктер корей тилинде сүйлөгөнүн жакшы көрүшөт. Улгайган адамдар спорт менен машыгышат, велосипед тээп жүргөнү кадимкидей эле көрүнүш. Спорт менен машыкканы үчүн улуу муундагылардын арасында толук киши жокко эсе. Жаштар, студенттер саясатка кызыгышпаганы үчүн талкуулашпайт, улгайган адамдар саясатты сүйлөшөт десек болот. Акыркы саясий окуялар аябай таң калтырды. Президентти кетирүү боюнча митингге дем алыш күнү чыгышып, митинг бүткөндөн кийин отурган жерин тазалап кетишти. Талкалоо, талап-тоноо деген көрүнүш жок. Бул жакта окуган студенттер Кореяга жакын мамлекеттерге саякатка чыгышат. Алардын катарында мен дагы төрт мамлекетке барып келдим. Вьетнам, Малайзия, Сингапур, Индонезиянын Бали аралы. Саякаттан кийин дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрдү, келечекте бүт дүйнөнү кыдырып чыгуу тилеги пайда болду.

"Үйлөнүү тойго коноктор жумуштан чыгып, кеды менен бара беришет"

Заманбап үлпөт тойлор да таң каларлык. Үйлөнүү тойго коноктор кийинип, жасанып келишпейт, жумуштан чыгып эле кеды менен барышат. Той эң узак дегенде 40 мүнөт болот. 20 мүнөт нике күбөлүгүн тапшыруу аземи болсо, 20 мүнөт сүрөткө түшүшөт. Батыш жана корейлердин улуттук тамагы эки башка жерге даярдалып, коноктор каалаган тамактарды тандап жешет. Бөлмөгө даярдалат. Бир порция тамак анан вино сунушталат. Азыркы тапта кыргыз кыздары окшош кийим алып калышса бири сөзсүз кийбей коёт го. Бул жакта башкача. Окшош кийинип жүрө беришет. Бир класста 5 окуучу болсо тең жарымы окшош кийинип алат. Айрыкча кыз жигиттер окшош кийинип жүргөндү мода кылып алышкан.

Вьетнам.
Сингапур.
Индонезия. Бали аралы.
Индия.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
sirgak_92
2017-02-24 20:03:06
Кантип саякаттап кайсыл жактарга барсак болот чонтоко кайсынымы ынгайлуу супер инфо кутобуз
+4
lady.girl7997
2017-02-25 00:09:23
sirgak_92, тайланд жол кирене коп кетет, бирок ал жактдын баасы чонтоко ынгайлуу.
+2
jarkyn_jakta_jasha
2017-02-24 20:04:36
Азамат
+1
Elzira.91
2017-02-24 20:14:27
Ээх кандай сонун аа суктанып алдым,кана эле биздеда ушундай мумкунчулук болгондо барып келмекмин,андай нерсени тушумдода корбосом керек,мен Кареяны корууго олло кызыгып журом бирок мумкунчулук жок,башка жерлерге анча кызыга бербейм,оюмун баары Карея болуп калган.
+2
aylin_kg
2017-02-25 00:23:05
Elzira.91,
+басам деп -басып алдым
Корея менин кыялым...
0
NeRiNa
2017-02-27 00:49:22
Elzira.91,
Кечиресиз Корея
0
MENMINGO
2017-02-24 20:17:15
Сонун!
+3
student-95
2017-02-24 22:29:51
буюрса кореяга менда барып калам
+1
Ramzan1982
2017-02-25 00:17:10
информатор
0
Nusi..91
2017-02-25 07:45:35
Мнеге Кореяга баруу бут эле кыздардын кыялы,же баргысы келген балдар дагы барбы?балдар иштегени эле барбаса коргону баргым келет дегендерди уга элекмин.
+3
bond02
2017-02-25 08:42:26
Nusi..91,Кореец жигиттер коз салып калабы деп кыялданышса керек да.
+3
meni_kut
2017-02-25 10:24:52
Кыргызстанга жетпейт кунары жок мамлекет,бир нерсесин айтпапсын кафе кухнясы жана адамдары сасык жагымсыз синип калган жыты мурдуна бурр этет.Конгучо кыйналасын,кийин озуно да синип калат.
+1
piramida
2017-02-25 13:23:42
Жалпы эле ачууну көп колдонгон мамлекеттердин адамдары баары эле сасык болушат экен
+1
Nurmat8921
2017-02-25 19:50:14
Кореяга кантип барса болот жардам берип койгулачы
0
Muslima96
2017-02-26 14:07:48
Мен Кореяга окууга баргым келип журот.Анара эже м.н кантип байланышса болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан