Бүгүн, 23-февралда жергебизде Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Бул күндүн урматына патриоттук сезимди көтөргөн, эл-жерди сүйүүгө үндөгөн ырчы Омардын "Кыргызстаным" аттуу ырынын клиби тууралуу сөз кылууну туура көрдүк. Ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева клип жөнүндө буларды билдирди:
"Кыргызстаным" ырынын клиби Караколдо жана Бишкектин четинде тартылган. Көлгө бараткан учурда бирде туман болуп же аба ырайы жакшы болбой калып жатты. Ошентип эки жолу клип тартпай кайтып келгенбиз.
Клиптин сюжети жок. Болгону Кыргыз өлкөсүнүн желеги ар кайсы жерде желбиреп турганын көрүүгө болот. Ошол жылы биздин спортчулар көп жеӊишке жетишишкен эле. Андыктан алар түшкөн кадрлар, кыргыз жеринин жаратылышы кошулган.
Биздин угушубузча, кыргыз спортчулары ырды өздөрүнүн гимни катары сүйүп угушат. Чет өлкөгө чыккан жарандарыбыз да эл-жерин сагынганда ушул ырды угуп, сагынычын таратат экен. Албетте, мындай сөздөрдү уккан жагымдуу, бирок биз чыгарманы мынчалык ийгиликтүү болот деп ойлогон эмеспиз", - дейт М. Эсеналиева.
Омардын "Кыргызстаным" аттуу ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.