ЖЫЛНААМА, 24-ФЕВРАЛЬ: "Apple" корпорациясынын негиздөөчүсү Стив Жобс көзү тирүү болгондо 62 жашка толмок

Америкалык инженер жана жеке ишкер, "Apple Inc" корпорациясынын негиздөөчүсү Стив Жобс көзү тирүү болгондо 62 жашка толмок. Ал 1955-жылы 24-февралда Калифорния штатынын Маунтейн Вью шаарында туулган. Ата-энеси аны ымыркай кезинде эле балдар үйүнө таштап кетишкен. Төрөлгөндөн эле жетим калган талантты Пол жана Клара Жобстор багып алышкан. Ал кичинекей кезинен чачын өстүрүп, жалгыздыкты жактырып, өзүнөн улуулар менен жакшы тил табыша билген. 16 жашында электрониканы жакшы билип калган Стив өзүнөн 5 жаш улуу Стив Возняк менен таанышып, кызык­чылык­тары төп келишкен экөө бат эле тил табышкан. Окууну аяктаган соң Жобс университетке тапшырып, бирок бир семестрден кийин эле окуусун таштап салган. Анын себебин 2005-жылы ал "менин колледждеги убакытым текке кетти. Ата-энем өмүр бою чогулткан акчаны окуу үчүн короткум келген эмес" деп түшүндүргөн. Мына ушундан кийин гана ал технология дүйнөсүн түп-тамыры менен өзгөртүүгө аттанган.

Эң алдынкы компьютердик оюндарды чыгарган "Атари" компаниясына ишке кирген. Досу С.Возняк менен 1975-жылдан баштап жеке компьютерлерди чыгарууга бел байлайт. Алгачкы капиталды чогултуу үчүн экөө тең эң баалуу нерселерин сатып, Стив Жобстун гаражында иш башташат. Возняк чындыгында электроника тармагында гений болгон. Бирок көптөгөн адистердин айтымында, эгер Жобс болбосо, анын ойлоп тапкан буюмдары текчеде эле чаң басып калмак. Ошентип алар "Apple" компаниясын негиздеп, алгачкы "Apple-1" компьютерин чыгарышат. Возняк биринчисинен кыйла күчтүү "Apple-2ни" жасап чыгат. 1977-жылы элге тартууланган бул жаңы компьютер бардыгын таң калтырат. 1980-жылга чейин экөө 120 миңдей компьютер сатууга жетишкен. Стив Жобс жеке компьютерлердин революциясын жасаган адам катары тарыхта калат. Көп өтпөй 1984-жылы ал рынокко жаңы компьютер - "Макинтошту" тартуулайт. Тилекке каршы, бир жылдан кийин сатуу абдан төмөндөп, "Apple" компаниясынын мүдүрлөр кеңеши Стив Жобсту жумуштан четтетүүнү чечишет.
Өзү негиздеген компаниядан чыгарылган инноватор "Apple'­ден" тапкан акчасына "Некст" компаниясын ачат. Бирок Стив ал компания менен ийгиликке жети­ше албайт. Анын кийинки кадамы анимация жаатындагы "Пиксар" компания­сын сатып алуу болот. Бул тармакта да көрүнүк­түү өзгөртүүлөрдү жасап, өжөрлүгү менен миллиардер болууга жетишет. Ошол мезгилде "Apple" компаниясынын абалы абдан начарлап кетет. 1997-жылы Стив Жобс "Apple'га" кайра келет. Ал келери менен компанияны тазалап, таптакыр жаңы багытта иштеп, компаниянын эң негизги атаандашы, "Майкрософттун" кожоюну Бил Гейтс менен кызматташа баштайт.
Анын биринчи кадамы жаңы iMac же­ке компьютери менен башталат. Андан соң музыкалык ойнотуучу iPod дүйнөнү дүңгүрөтөт. Анын өзгөчөлүгү – өтө ыңгайлуу жана мурункулардан кыйла күч­түү болгондугу эле. 2007-жылы Стив дүйнөгө уюлдук телефондун жаңы муунун, тагыраак айтканда, iPhone`ду тартуулаган. iPhone`го бүткүл дүйнөнүн көңүлү бурулат. Ал эми кийинки кадам технологиялык рыноктон ноутбуктарды сүрүп чыгууга багытталат. 2010-жылы дүйнөгө iPad`ды сунуштайт. “Apple'дын” продукциялары дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан ордун табууга өтөт. Бул жаңы кадамдар технология тармагындагы революция катары бааланат.
2004-жылы С..Жобстун уйку безиндеги залалдуу шишик операциянын негизинде алынган. Жакындарынын айтымында, Стив өлүм жөнүндө көп ойлончу. Себеби ал бул жашоодо өчпөс из калтырып кеткиси келген. 2009-жылы ал коомчулукка боорун алмаштырганын жар салган. 2011-жылдын 5-октябрында 56 жаш курагында Стив уйку безиндеги рактын айынан көз жумган. Стив Жобс өзүнүн өмүрүндө гениалдуу инноватордук таланты менен дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркектин катарын толуктап, кийинки муунга мыкты үлгү катары тарыхта калган.

24-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur1k
2017-02-24 16:42:10
Чынында ото умный адам болгон. Азыр Эппл компаниясы дуйнодо биринчи орунда. А айфон смартфондору дуйнону "басып" алган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан