Түп районунда балык кармаганы кетип дайынсыз жоголгон эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-февралда издөө иштерине 3 куткаруучу, 7 суучул, жергиликтүү тургундар, РИИБинин 1 кызматкери, 2 кайык тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн 24-февраль күнү да улантылат.
Айта кетсек, 30-январь күнү Күрмөнтү айылынын 1990-жылы туулган жана 1982-жылы туулган эки тургуну Кутургу айылы менен Фрунзе айылынын ортосундагы көлгө балык кармаганы барып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон.