Алмазбек Атамбаев өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, Курулуш башкармалыгынын дачалары конушунда жүк ташуучу "Боинг-747" учагынын кыйрашынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге жардам берүү боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Бул тууралуу 24-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда өлкө башчы бул каргашанын кесепети тийген бардык жарандарга жардам берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүүнү улантуу зарылдыгын баса белгилеп, бир дагы адам мамлекеттин көӊүл сыртында калууга тийиш эместигин айтты.
Биринчи вице-премьер-министр мамлекет башчысына Курулуш башкармалыгынын дачалары конушунда трагедиянын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары жолугушууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн жана жапа чеккендерди утурумдук турак жай, зарыл медициналык жардам жана дары-дармек менен камсыздоо, балдарды социалдык коргоо, алардын окуусун уюштуруу жөнүндө сөз болду.
Мухаммедкалый Абылгазиев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге укуктук жана материалдык жардам берүү, чыгымдарды өндүрүү жагында колдоо көрсөтүү маселелеринин чечилиши тууралуу президентке айтып берди.