Садык Шер-Нияз: "Акыйкаттык болсо "Ата Мекен" сыяктуу эле башка партиянын 30 пайыз депутатына да кылмыш иши козголсун"

Бүгүн, 24-февралда Бишкектеги УКМКнын имаратынын жанында Алмамбет Шыкмаматовдун тарапташтары митингге чыгышты. Ага 200дөн ашуун адам катышып жатат. Митингчилердин арасында депутаттар Садык Шер-Нияз, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев да бар.

"Эгер кылмыш иши козголуп жатса аны карай турган орган бар. Бирок азыр ойлонуп көрсөк, "Ата Мекен" партиясынын 3 депутатына кылмыш иши козголду. Партияда 10 чакты эле депутат бар, ошондо 30 пайызына кылмыш иши козголгон болот. Акыйкат бар болсо башка партиядагы 10 чакты депутатка кылмыш иши козголушу керек. Болбосо бул саясий куугунтук деп аталат. "Ата Мекен" 25 жылдан бери кыргыз эли үчүн кара жанын азык кылып келе жаткан партия да", - деди Садык Шер-Нияз

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан