Ошто Кытай жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1984-жылы туулган Д.Г. Кытай жараны 23-февраль күнү "Ош аэропорт" көзөмөл-өткөрүү жайында кармалган.
"Ош-Новосибирск" каттамы боюнча S7 3290 авиарейсин каттоо учурунда Д.Гнын Кыргыз Республикасынын жаранына таандык паспортко өзүнүн сүрөтүн чаптап алганы аныкталган. Ошол жерден тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.