Ырчы Бегимай Бекбоеванын үйүндө бүгүн, 27-февралда кош майрам. Ырчыга туулган күнүндө сүйүктүүсү кыргыздын салты менен сөйкө салуу үчүн ата-энеси, жакындары менен келишкен. Каалоо-тилектер үчүн ыраазычылыгын билдирген Бегимай Бекбоева бүгүнкү күн тууралуу буларды билдирди.
"Бүгүн мен үчүн эӊ жакшы күндөрдүн бири. Учурда Бишкектеги кафелердин биринде сүйүктүүмдүн ата-энеси мага сөйкө салып жатышат. Конок тосуп жатабыз. Буюрса, алар кеткен соӊ кечинде бир туугандарым, дос-курбуларым менен туулган күндү белгилейбиз", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда Нарында туулган. Алгачкы жолу сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын "Эх, байке" деген ыры менен чыккан.