Бишкек шаарынын башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 28-февралда Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий иш сапарына байланыштуу борбор калаанын айрым көчөлөрү жабыларын шаардык мэрия билдирди.
"Транспортко чектөө Фучик көчөсүнүн шаардын кире бериш жагынан Жибек жолуна чейин, ал эми Жибек жолунда чыгышты көздөй Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин, Жаш Гвардия бульварында Жибек жолунан Чүй кең көчөсүнө чейин, Чүй көчөсүндө Манас кең көчөсүнө, андан ары Абдрахманов көчөсүндө Фрунзе көчөсүнө чейин, Манас көчөсүндө мамлекеттик резиденцияга чейин саат 11:00дөн 20:00гө чейин киргизилет", - деп жазылган мэриянын маалыматында.
Ошондой эле Hayat мейманканасынын тегерегиндеги жолдорго чектөө киргизилери маалым болду.