"Баласынын көзүнчө келинди зордуктады" деп айыпталган жарандын иши боюнча райондук соттун өкүмү жокко чыгарылып, кайра кароого жөнөтүлдү

Ысык-Көл облусунда "баласынын көзүнчө келинди зордуктады" деп айыпталган жарандын иши боюнча райондук соттун өкүмү жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, сот отуруму кечээ, 27-февралда болуп анда соттук коллегия Тоң райондук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ошондой эле ишти кайра кароо үчүн Ысык-Көл райондук сотуна жөнөткөн.

Айта кетсек, 2016-жылдын 28-июль күнү 1983-жылы туулган Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, 5 жаштагы баласы менен талаага таштап кеткенин айткан. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну кармалган. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук соту зордуктоого шектелген жаранды 3 жылга эркинен ажыраткан. Буга макул болбогон прокуратура Ысык-Көл облустук сотуна кассациялык даттануу келтирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Patriotkgz93
2017-02-28 12:03:03
Не ужели соттун тууганы болот бекен айдоочу
+4
farida.kg.1991
2017-02-28 15:31:19
мен уялып кеттим.кудай сактасын
0
nuke1988
2017-02-28 16:07:19
Акча алып журуп олот екенсинерда
0
Ayida
2017-02-28 16:38:02
Мен ишенбеймин баласынын козунчо зордуктады дегенге
-1
Ayida
2017-02-28 16:38:27
Тем боле Ысык-колдукторго
0
elmurat.kg
2017-02-28 18:18:39
озунун тилинде айтып коеюн ошентип бекер деп зордуктабай эле...кулиевага от диванда эле талаада чырылдатып кыйнабай аны...3жыл отургу чейин сен канча акча таап коесун ошол кулиевадагылардан кызганып атсан акчанды
0
lady.girl7997
2017-02-28 20:46:10
elmurat.kg, тушунуктуу кылып жазсан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан