Бишкекте бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин маалымат жыйын өткөрүштү. Анын жүрүшүндө мамлекет башчы Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча пикирин айтты.
"Мен бул жөнүндө биринчи жолу 2010-жылы айткам. Ошол жылы биздин майданда адамдар өлгөндө кээ бири миллиондогон акчаларды кырып жаткан. Атамбаев дагы доляда бар деп ойлошу мүмкүн. Мородёрлук болгону бул чын. Кимдир бирөө өлгөндө башкасы байып жатканы ачуу чындык. Азыр бир гана Текебаев эмес, 2010-жылы бийликке келгендер өздөрүнүн былык иштери сыртка чыгып кетет деп коркуп жатышат. Дагы кайталайм, ууру абакта отурушу керек. Жөнөкөй адамдар өлө берет, кимдир бирөө саясат жасайт. Бул окуя боюнча 3 жылдан бери өзүнүн партиялашы Өмүрбек Абдрахманов айтып келет. Менден кийинки президент эмне кыларын билбейм, бирок менин учурумда коррупция менен күрөш уланат. Болгон окуялардан сабак албай акча жасалганы үчүн окуялар кайталанып жатат. Атамбаев миллионер болгондо Салымбеков эми эми иш баштаган эле. Мен ал учурда мультимиллионер болчумун. Ким бийликти кааласа, ага 19-ноябрда мүмкүнчүлүк болот", - деди.