Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин саясатта каларын айтты

Бишкекте бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин маалымат жыйын өткөрүштү. Анын жүрүшүндө мамлекет башчы президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин саясатта каларын айтты. Текебаевдин камалышы жөнүндө оюн айтып жатып, бул иштин аягына чыгууга кийинки президенттин эрки жетер-жетпеси белгисиз экенин, андыктан саясатта каларын белгиледи. Ошондой эле президенттик шайлоо ушул жылдын 19-ноябрында өтөрүн кошумчалады.
"Эгерде кимдир бирөө Кыргыз мамлекетинде үчүнчү революцияны жасоого ниеттенип жатса эскертким келет. Эки революциянын тең лидери мен болгом. 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы революцияларда Атамбаевдин салымы бар. Үчүнчү революцияны мен жасабайм", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан