Сапар Исаков президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Исаков Сапар Жумакадырович 1977-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. "Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар.
Эмгек жолу:
1999-2003-жылдары - Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучу;
2003-2007-жылдары - атташе, 3-катчы, 2-катчы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин бөлүм башчысы;
04.2007-08.2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
08.2007-10.2009-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
10.2009-04.2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматынын жетекчиси;
04.05.2010-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы;
02.08.2010-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
29.12.2010-12.2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы – тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
2011-жылдын 7-декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.
2017-жылдын 31-январында президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.