17:10 Жогорку Кеңештин алдындагы митинг бүттү. Кийинки митинг качан болору маалымат каражаттары аркылуу айтыларын Асия Сасыкбаев жана Аида Саляновалар айтышты.
16:42 Ө.Текебаевдин колдоочуларына ысык чай, тамак берилип жатат.
16:29 "Ак үйдүн" алдына келген митингчилер "Текебаевге боштондук!", "Атамбаев кетсин!" деген чакырыктарды айтып кыйкырышууда.
16:26 Өмүрбек Текебаевдин колдоочулары Жогорку Кеңештин алдына келишти.
15:49 Өмүрбек Текебаевдин катын окуу үчүн митингчилерге коомдук каналдан эфир берилген жок. Алар Жогорку Кеңеш тарапка кайтышты.
15:47 КТРКнын директорунун орун басары Калыбек Асылбашев кыйкырып жаткан элди сөгүп "Жетекчилик ооруп жатса, силердин уятыңар барбы? Деги кыргызсыңарбы?" деп кыйкырды.
15:39 Учурда КТРКнын имаратында 100дөй милиция кызматкери турат.
15:36 Митингчилер "Бир тараптуу маалымат берүүнү токтоткула!" деп кыйкырууда.
15:35 Турсунбек Акун: "КТРК Атамбаевдин каналы эмес, толтура милицияны коюп алгыдай. Бул элдин каналы. Бизге түз эфир берсин. Болбосо имараттын алдындагы жазууну Атамбаевдин каналы деп оңдоп жазып койсун. Бир тараптуу маалымат берип элди кыжырдантып жатасыңар".
15:31 КТРКдан азырынча митингчилерге чыгып эфир берерин же бербесин айта элек. Митингчилер коомдук биринчи каналдын алдында талаптарын коюп кыйкырып жатышат.
15:20 Турсунбек Акун КТРКга кирүү аракетин көрүүдө. Бирок тартип сакчылары коё берген жок.
14:54 Өмүрбек Текебаевдин колдоочулары КТРКга келишти.
14:45 КТРКнын алдына бара жаткан митингчилердин саны 300дөн ашты.
14:39 Өмүрбек Текебаевдин катын эфирден элге жарыялоо үчүн митингчилер КТРКга жөнөштү.
14:34 Митингчилер катты КТРКнын эфири аркылуу жалпы кыргыз элине жеткирүү сунушун айтышууда. Алар "Атамбаевге шерменде!" деген сөздөрдү айтышууда.
14:30 Асия Сасыкбаева Ө.Текебаевдин УКМКнын абагынан жазган катын митингчилерге окуп берди.
14:21 Митингчилер "Текебаевге боштондук!", "Чотоновго боштондук!" деп кыйкырып жатышат.
14:08 Митингдин жүрүшүн 10дон ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат.
14:02 Митингчилердин саны 150гө жетти. Алар "Ата Мекенден" колуңду тарт!", "Текебаев эл менен!" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин алдына Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чогулууда. Алардын арасында Асия Сасыкбаева, Эркингүл Иманкожоева бар.
Эске салсак, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген.
26-февралда таңкы саат 3тө Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМКнын кызматкерлери депутатты кармап кетишкен.
Ошол эле күнү камакка алынган депутаттын тарапташтары УКМКнын алдына чогулушкан. Алар Ө.Текебаевди үй камагына бошотуу талабын коюшкан. Бул күнү митингге 1000ге чукул жаран катышты. Депутатты коргоо боюнча Бириккен күчтөрдүн штабы түзүлгөн.
27-февралда Текебаевди колдогон 400дөн ашуун митингчи "Ала-Тоо" аянтына чогулду. Анын баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин билүү үчүн митингчилер Биринчи Май райондук сотуна, УКМКга келишти. Жактоочу Чынара Жакупова Ө.Текебаевдин жана соттун коопсуздугу үчүн баш коргоо чарасы мурунку Аскердик сотто каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыгарылганын айтты.
28-февралда Текебаевдин тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүштү. Анын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов митингдер жумасына 2-3 жолу өтүп турарын айтты.