"Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бердим" деген Леонид Маевскийдин жоопкерчилиги тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болот. Бул тууралуу 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Индира Жолдубаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. "Азыркы учурда Маевский арыз жазган адам. Ал пара берүүгө айыпталабы жокпу териштирүүдө аныкталат. Азыркы учурда териштирүү жүрүп жатат, ага юридикалык баа териштирүүнүн соңунда берилет", - деди Жолдубаева.