Парламенттин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин аппаратында иштегендер элди митингге чакырып жатканына нааразы болду.
“Социалдык түйүндөрдө эмне болуп жатканын карасаңыздар. Коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азиза Турдуева социалдык түйүндө бүт республикага президентибизди “АША” деп жазып жатат. Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген Калысбек Боронбаев элди митингге чакырып жатат. Ал минтип жазып жатат: “Эртең, 1-марта Текебаевди колдоо митинги уланат. Саат 12:00 "Ак үйдүн" алдына келгиле” деп, эмнеге чара көрүлбөйт? Аппаратта иштегендер элди бийликти кулатууга чакырып жатат”, - деди ал.