Өзгөндөгү кооптуу ажаткананы айткан окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" февраль айындагы жеңүүчүсү болду

Өнүккөн өлкөлөрдө дааратканаларына өзгөчө көңүл бурулуп, тазалыгы камсыздалып турат. Кааласак, каалабасак дагы коомдук дааратканалар өлкөнүн жетишкендигинин көрсөткүчү. Ал эми Кыргыз жеринде дааратканаларга кандай мамиле кылынат жана кандай көңүл бөлүнөт? Өлкөбүздөгү коомдук дааратканалар келген туристтердин гана эмес, өзүбүздүн да көңүлүбүзгө толбойт. Учурда көпчүлүк коомдук жайлардын дааратканаларында санитардык абал жакшы көзөмөлдөнбөйт. Айрыкча көчөдө, унаа жол боюнда жайгашкан дааратканалар өтө начар абалда. Анын үстүнө коомдук дааратканалар кооптуу, адам өмүрүнө коркунуч жараткан жайга айлана баштады. Себеби тиешелүү талаптарга жооп бергидей салынбайт. Аймактардагы мектептердин да дааратканалары талаптарга жооп бербейт. Буга "Элдик кабар" рубрикасына келген кабарлар далил...

Ажаткана кырсыктары бир канча адамдын өмүрүн алган каргашалуу окуяларда гана мамлекет бул маселеге азыраак көңүл бургандай болгон. Эскерте кетсек, 2012-жылы ноябрь айында Оштун Кара-Суу районундагы "Кара-Суу" базарында коомдук ажаткана кулап, 4 адам каза болуп, 10дон ашуун жаран түрдүү жаракат алышкан. Жыйынтыгында 2014-жылы Мамлекеттик архитектура жана курулуш боюнча көзөмөл инспекциясынын Ош облусундагы мурдагы жетекчи кызматкерлери 10 жылга эркинен ажыратылышкан.

Бул окуядан кийин кандайдыр бир тыянак чыгарып, коопсуздукту, тазалыкты камсыздоочу чараларды кабыл алуу зарыл болгону менен, ал маселе кайрадан көз жаздымда калды.

"Элдик кабар" рубрикасынын февраль айынын жеңүүчүсү Өзгөн шаарынын тургуну Байболот Атаканов 13-февралда кооптуу коомдук дааратканын сүрөттөрүн WhatsApp аркылуу салып жиберген. Адам өмүрүн сактоого алдын ала чара көрүүгө чакырган дал ушул кабары үчүн ал февраль айынын жеңүүчүсү деп табылды.


- Саламатсызбы? Сизди жеңишиңиз менен куттуктайбыз!

- Саламатчылык! Жеңгениме ишене албай турам, рахмат.

- Бул даараткана кооптуу экенин качан байкап калдыңыз?

- Менин билишимче, даараткана былтыр декабрь айында салынган. Көп өтпөй сыртынан жарака кеткенин көрдүм. Бир күнү балдар оңдоп, шыбап жүрүшкөн. Бир аз убакыттан кийин шыбалган жеринен кайра жарака кеткенин көрдүм. Телефонго тартып алып, сиздерге жөнөткөм. Кооптуу дааратканага эл кирбесин, бөөдө кырсык болбосун дегенди айтайын дегем.

- Жанында дагы бир даараткана бар экен го?

-Ооба, бирок ал аябай кир. Кирүүгө мүмкүн эмес. Элдер тазараак деп кооптуу экенине карабай, жаңысына барып жатышат. Мен Оштон башка аймактарга каттап, унаада эл ташыйм. Эми жолдогу деле дааратканалар өтө начар. Мен эле эмес, жүргүнчүлөр да нааразы болушат. Алыс жолдогу дааратканалардын таза эместиги өзгөчө өкүндүрөт.

- Сиздин оюңуз боюнча маселени кантип чечсе болот?

- Ар бирибиз өзүбүздөн баштап тазалыкты сактасак. Анан даараткананы салган куруучулар, аларды көзөмөлдөгөндөр жоопкерчиликтүү болушса...

Жайкы туристтик сезон жакындап калды. Чет элдиктер бир гана кооз жерлерибизди көрүү үчүн гана эмес, жашоо-тиричилигибизге да кызыгышат эмеспи. Өнүккөн өлкөлөрдө жарандар үй курса, даараткананы биринчи кезекте салары белгилүү. Жеңүүчүбүз белгилегендей, тазалыкты ар бирибиз өзүбүздөн баштасак.

Белгилей кетсек, 19-ноябрь - Эл аралык даараткана күнү катары 2001-жылы Сингапурда дааратканалардагы көйгөйлөргө арналган эл аралык конференцияда кабыл алынган. Ага Азия, Европа жана Түштүк Америкадан 200дөн ашык делегат катышкан. Бул конференциянын Сингапурда өткөнү жөн жерден эмес эле. Себеби ал өлкө өзүнүн тазалыгы менен башкалардан айырмаланып келет. Бүткүл дүйнөлүк дааратканалар уюму бар экенин билчү белеңиз? Бул уюмга көптөгөн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр мүчө болуп жатышат. Даараткана маселеси дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлүп жатат. Ал эми биздин өлкөдө мамлекеттик деңгээлде көтөрүлбөйт. Өлкөбүздө атайын коомдук дааратканаларды курган, аларды көзөмөлдөгөн кызматтар жок. Балким, маселе ушунда болуп жүрбөсүн?

2017-жылдын жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, январь - Медербек Кеңешов (Бишкек шаары).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
temirov76
2017-03-03 09:30:25
Куттуктайм!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан