Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкова Кыргыз мамлекетиндеги демократияга америкалыктар суктанып жатканын айтты.
Ал өлкөдө президенттин дарегине эмне айтса да болорун айтып: "Эгерде оппозиция өкүлдөрү президенттин ордунда болсо, алар болуп жаткан окуялар үчүн баш алмак. Жогорку Кеңештеги оппозиция ушакчылардын деңгээлине түшпөй күчтүү жана конструктивдүү болушу керек. Мен коомдук транспорттордо жүрөрүмдү баары билет. Ал жерде азыркы учурдагы саясий кырдаалдар талкууланып жатат. Ал жакта оппозиция тууралуу эмнелер айтылып жатканын уксаңар болмок. Алар бардыгынан тажаптыр", - деди ал.