Индияда дүйнөдө эң оор салмактуу аялга ашказанын кичирейтүү боюнча операция жасалды

Египеттик Иман Ахмад Абдулати 500 килограмм салмакта болуп, дүйнөдөгү эң оор аял катары эсептелген. Ага 7-мартта Мумбаиде Saifee госпиталында ашказанын кичирейтүү боюнча операция жасалды. Бул тууралуу Hindustan News басылмасы дарыгерлерге шилтеме берүү менен жазып чыккан.

Февраль айында EgyptAir авиакомпаниясы Иман Ахмадды жүк ташуучу учак менен Индияга алып келген. Кадимки жүргүнчү ташуучу учакка аны жайгаштырып, керектүү медициналык шарттарды түзүү мүмкүн болгон эмес. Дарыгерлердин айтымында, операцияда анын баштапкы ашказанын15 пайызга кичирейтип, ири көлөмдөгү май катмарын кемитишкен.

"Анын абалы турукташса өзүнүн мекенине кайтат. Салмакты жоготуу процесси дарыгерлер тобу менен көзөмөлдөнөт. Ал азыр суюк диета жана протеиндин жардамы менен болжолдуу түрдө 100 килограммдан арылды. Алдыда 6-8 айда дагы 100 килограммга арыктайт деген үмүттөбүз", - дешкен дарыгерлер.

36 жаштагы Иман Ахмад инсульт болуп, төшөккө жатып калган. Анын оор тагдыры тууралуу Al Arabiya телеканалы баяндаган соң Мумбаидеги дарыгер Муффазал Лакдавал жардам берүүнү көздөп, Тышкы иштер министрине кайрылып, аялга виза алууга жардамдашууну өтүнгөн. Анын өтүнүчү четте калбай, Иман Ахмадка виза берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AKCHA
2017-03-10 10:21:37
37 жаш жаш эле экен айыгып кетсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан