УКМК кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү билдирди.
Депутат Алтынбек Жунус уулу милиция кызматкерин унаасы менен сүзгөн УКМКнын кызматкерине карата кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады. Башкы прокуратуранын өкүлү УКМК кызматкери жоопкерчиликке тартыларын айтып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 6-март күнү кечинде Бишкекте Чыңгыз Айтматов көчөсүндө АКШ элчилигинин жанында жол четинде курчоодо турган Октябрь РИИБинин кызматкерин УКМК кызматкери унаасы менен сүзүп алган.