Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыгынын башчысы Абдыманап Кутушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына Ак үйдөгү өздүк булактар билдиришти.
Айта кетсек, Абдыманап Кутушев 2016-жылдын май айынан тарта парламенттин аппаратынын жана иш башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген. 3 күн мурун 7-мартта парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Абдыманап Кутушев кызматынан бошотулушу керек" деген жыйынтык чыгарып, төрагага кайрылган. Буга Кутушевдин бир жыл ичинде депутаттарга караганда чет өлкөлөргө тез-тез чыгып турганы себеп болгон.