"Азаттык" радиосунун вице-президенти жана башкы редактору Ненад Пейдж кыргыз кызматын сотко берген Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын эки арызы тууралуу пикирин билдирди. Анын билдирүүсү бүгүн, 12-мартта аталган басылмада жарыяланды.
"Эки учурда тең биз коомдук жыйындарда жасалган айыптоо фактыларын кабарлаганбыз. Дароо ал фактылар боюнча Кыргыз президентинин администрациясына кайрылып, алар комментарий берер замат жарыялап турдук. Өз атыбыздан эч кимди айыптаган жокпуз", - деп белгилеген Н.Пейдж.
Башкы прокуратура "Азаттык" радиосунун президенти Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтиргени үчүн сотко берип, редакциядан жалпысынан 20 миллион сом моралдык компенсация төлөтүп берүүнү суранган.
"Кыргыз Республикасынын Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамынын 6-бөлүмүнүн 26-беренесинде "маалымат каражаттары коомдук жыйындарда жасалган билдирүүлөрдү сөзмө-сөз жарыялаганы үчүн жоопко тартыла албайт" деп жазылып турат", - деп кошумчалаган басылма.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы тууралуу билдирүү жасап, айрым ЖМКлар жалганчылыктын, ушакчылыктын жана бет тырмарлыктын кампаниясын жүргүзүп жатканын айткан.