"Евровидение-2017" сынагына Орусиянын атынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ырчы катышат

Киевде өтө турган "Евровидение-2017" сынагына Орусиянын атынан Юлия Самойлова катышат. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ырчы майыптар арабасы менен жүрөт. Ал сынакта англис тилиндеги "Flame Is Burning" аталышындагы ырды аткарат.

Юлия Самойлова 1989-жылы 7-апрелде Ухта шаарында төрөлгөн. Өзүн коомчулукка ырчы, музыкалык чыгармалардын автору, композитор катары тааныта алган. Орусияда жана башка чет мамлекеттерде өткөрүлгөн бир катар фестивалдарга катышып жеңүүчү боло алган. "Фактор А" сынагынын финалчысы, Алла Пугачёванын "Алланын алтын жылдызы" сыйлыгын алган.

2014-жылы Сочи шаарында болгон Кышкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш салтанатына катышып, "Вместе" аттуу ырды аткарган.

"Евровидение-2017" сынагынын жарым финалы 9-11-май күндөрү болот. Ал эми финал 13-майга пландалган.

"Евровидение-2017". Орусиянын атынан майып кыз Ю.Самойлова чыгат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nevestkaa
2017-03-13 18:03:12
Үнү мынча жагымдуу,майып кыз дебегилечи .Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген десеңер башка адамдардын көңүлүнө тийбесин.
0
pixduel1
2017-03-14 01:58:17
Фонаграма окшобой калыптыр, бирок молодец !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан