Депутат авиакырсыктан жабыркагандар үчүн чогулган акчаны тез арада бөлүштүрүп берүүнү сунуштады

"Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Таабылды Тиллаев авиакырсыктан жабыркагандар үчүн чогулган акчаны тез арада бөлүштүрүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү 13-мартта парламентте Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат "кээ бирөөлөрдүн үйү, баласы, ата-энеси, эч нерсеси жок калды. Ошону да саясаттай кылып жатасыңар, түшкөн акчаны бөлүштүрүп койбойсуңарбы? Коомчулукта да туура эмес сөздөр кетип жатат. Үй курабыз же мынчадан бөлүп беребиз деп айтып койбойсуңарбы" деп каржы министрине кайрылды.

Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев 95,7 миллион сом түшкөнүн айтып, таратылып берилбей жатканынын өзүнчө себептери бар экенин белгиледи.

Тиллаев: "Жабыркаган эл ал акчага үмүт кылган жок. Болгону моралдык колдоо болмок. Бул маселени тез арада чечүү керек", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан