ЖЫЛНААМА, 13-МАРТ: 8 жыл мурун коомдук жана саясий ишмер Медет Садыркулов өлтүрүлгөн

Мындан 8 жыл мурун, 2009-жылы 13-мартта Кой-Таш айылы тараптагы капчыгайда токтоп турган Лексус машинасын Ауди сүзүп, өрт чыккан. Натыйжада Лексустагы үч адам таанылбай турган деңгээлде күйүп кеткен. Каза болгондордун бири президенттик администрациянын экс-башчысы Медет Садыркулов болгон. 2 жарым жылдан кийин М.Садыркуловдун өлүмү кырсык эмес, буюртма экендиги, ошондой эле УКМК, ИИМ, Чек ара кызматынын катышуусунда уюштурулганы айтылган.

Коомдук жана саясий ишмер Медет Садыркулов 1953-жылы 13-декабрда Чүй облусундагы Кемин районунун Ильич айылында төрөлгөн. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик университетинде алып, тарыхчы адистигине ээ болгон. Юриспруденция, саясий илимдердин кандидаты, Орусия Федерациясынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу академиясынын мүчө-корреспонденти. Эмгек жолу 1971-жылы Ильич атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунда жөнөкөй жумушчу кызматынан башталып, жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда (1977-1991-жылдары) мугалим болуп эмгектенген.
1991-жылдан тартып ал мамлекеттик кызматта - КРнын Президентинин аппаратында, 1995-жылы президенттик администрацияда иштеген. Төрт жыл аралыгында референттиктен уюштуруу иштери боюнча бөлүмдүн башчылыгына чейин көтөрүлгөн. 1995-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими, 1997-1999-жылдары Каржы министринин биринчи орун басары, кийин мамлекеттик салык инспекциясынын директору болгон. Ал эми 1999-жылы кайрадан Ак үйгө, президенттик администрация жетекчилигине чакырылган. 1999-2000-жылдары Эсептөө палатасынын төрагасы, 2000-2005-жылдары Кыргыз мамлекетинин Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон. Ошону менен катар эле мамлекеттик кызматтын 1-класстагы жана салык кызматынын 2-рангдагы, КРнын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилик рангындагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чиндеринин ээси болгон. 2006-жылы кайрадан КРнын президенттик администрациясына чакырылып, администрация жетекчисинин биринчи орун басары, мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы болот. 2007-жылдын 30-мартынан 16-апрелине чейин кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчилигине, 2007-жылдын 16-апрелинен 2009-жылдын 8-январына чейин президенттин администрациясынын жетекчилигине дайындалып, иштеп келген. 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен отставкага кеткен.

13-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан