Текебаев мэр Албек Ибраимовго 1 миллион сом доого жыгылды

Бүгүн, 13-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Албек Ибраимовдун депутат Өмүрбек Текебаевге каршы доо арызын карады. Алгач эл өкүлүнүн жактоочусу Таалайгүл Токтакунова сотко Текебаевди катыштыруу өтүнүчүн келтирди. Бирок судья ал өтүнүчтү канааттандырган жок. Мындан улам Текебаевдин жактоочулары сот залынан чыгып кетишти. Кийин жарыш сөзгө чыккан Ибраимовдун жактоочусу Ислам Каргабаев Өмүрбек Текебаевдин маалымат жыйында айткан сөздөрүн массалык маалымат каражаттары аркылуу төгүндөөнү жана моралдык зыян үчүн шаар башчысынын пайдасына 1 миллион сом өндүрүп берүүнү сурады.

Ишти караган судья Айгүл Уметова доо арызды жарым-жартылай канааттандырып, Өмүрбек Текебаевдин айткандарын Ибраимовдун кадыр-баркына, ар-намысына, беделине шек келтирген деп таап, шаар мэринин пайдасына 1 миллион сом төлөө чечимин чыгарды. Ал эми массалык маалымат каражаттары аркылуу төгүндөө өтүнүчү канааттандырылган жок.

Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайы тууралуу Өмүрбек Текебаев бир катар маалыматтарды тараткан. Анда президенттин үйү жайгашкан жерди алып-сатуу иштеринин башкы фигуранты катары Албек Ибраимовду айыптаган. Албек Ибраимов "депутат Өмүрбек Текебаев жалган маалыматтарды таратты" деп аны сотко берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан