Жакында чыга турган Samsung Galaxy S8 жана Galaxy S8 Plus смартфондорунун болжолдуу сүрөттөрү жарыяланды

Samsung компаниясынын жакында чыга турган Galaxy S8 жана Galaxy S8 Plus смартфондорунун болжолдуу жаңы сүрөттөрү интернетке жарыяланды. Бирок бул телефондордун дизайны сүрөттө көрсөтүлгөндөй чыгат деп, кесе айтуу эрте. Себеби телефондордун толук бүткөн варианты жарым айдан кийин, 29-мартта коомчулукка көрсөтүлөрү айтылууда.

Коомчулукта бул телефондордун көрүнүшү кандай экенине кызыккандар көп. Ал эми сүрөттө жаңы смартфондордогу манжа изинин сканери анын арткы бөлүгүндө, камеранын жанында жайгаштырылган. Андагы Home баскычы Galaxy S7'никиндей баскыч эмес, сенсордук болуп көрүнүп турат. Сүрөттөргө караганда Galaxy S8 жана Galaxy S8 Plus смартфондорунда капталын көздөй ийилген экраны, ичке рамкасы жана жаңы USB-C тибиндеги туташтыруучу уячасы бар. Ошондой эле телефон кулпуга түшүп турганда капталындагы дисплейден билдирүүлөр менен сааттан тышкары Home виртуалдык баскычын дагы көрүүгө болот.

Маалыматтарда жаңы смартфондордун экраны 5,8, 5,2 дюйм, 2560x1440 пикселдүү ийилген AMOLED-экраны менен негизги камерасы 12 мегапиксель, алдыңкысы 8 мегапиксель болору айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
nazgul90
2017-03-14 11:05:15
Эх сонун го жакты зорко айфон 7 жетсем еми бул чыктыбы.
-31
Saidulla
2017-03-14 13:44:44
nazgul90,Мактанып кал!
+25
Satana
2017-03-14 20:14:58
Охоо nazgul90дун айфон 7си бар турбайбы
+7
Benazir08
2017-03-14 11:09:34
Эми дагы чыгарышат экен да 16 пикселдуу деп. Андан сайын адамды дээликтирип бизге арзаны эле керек эле
+9
odin-takoy
2017-03-14 11:12:55
Жарылбайбекен бул
+10
ilgizk
2017-03-14 11:25:50
жөн эле телефон көтөрөйлүчү...
+12
Kanybek121195
2017-03-14 11:27:11
Семьяны бакканга еле еле акча жеткирип жатабыз буларды мага окшогондор коруп жон еле мечтать етип койобуз болду да
+29
Farm94
2017-03-14 11:42:13
Бирин жеткиче бири чыгатда мен бул телефонду алгыча кооооооп бар
+1
Riokyrgyz
2017-03-14 12:07:40
Ашыкча ызы-чуучу коп экен.
Скромныйыраак кылса болмок.home баскычы жаккан жок.
0
Nazikbaigazy
2017-03-14 12:17:33
Акчасын кайда баткыраарын билбегендер алсын, а мен бир уй торпогу менен алып алсам сутун ичип жыргаймын (кулгон быйтыкча)
+11
Rasul94
2017-03-15 00:16:17
Nazikbaigazy,азаматсын акылдуу экенсин.уйду жакшы кором суту майы ээх.оюна кошулдум
+1
baltabai
2017-03-14 12:38:24
Акчасы канча экен эээ
0
ali.95
2017-03-14 12:40:13
IPhone 5 se жакшы корсоткучто турат башкаларга караганда даже iPhone 7 денда
0
Ernest12
2017-03-14 13:38:12
S7 эле Жакшы экен
0
farida.kg.1991
2017-03-14 14:01:06
10 мин болсо алам 10 минден кымбат болсо албайм
+4
bond02
2017-03-14 15:17:57
Бул телефондун акчасына бир машина келсе керек дейм.
0
Naiman39
2017-03-14 19:15:28
Анын акчасына бир машина алып калган 3-4минге бир explay алсам даны 3жыл иштетем оооооооо кийиииииииииииин арзандаганда алам буйруса
+1
stal.ks
2017-03-16 00:21:29
Redmi note 3 pro тураптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан