13:06 Митингге чыккан эл каза болгондорго куран окуп, тарап кетишти. Алар талаптарды аткарууга 10 күн мөөнөт беришти. Аткарылбаса, кайрадан массалык түрдө митинг өткөрүшөрүн айтышты. Ал эми жашоочулардын арасында көйгөйлөр чечилбесе, өзүмдү өрттөйм дегендер чыкты. Ар бир көчөдөн 10 киши шайланып, кырсык боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөө үчүн элдик комиссия түзмөй болушту.
13:03 Кырсык катталган айылдын айыл башчысы Улан Саадалиев элди тароого чакырды. Ал эми аким Болот Сатыкеев куран окуйлу деген сунуш киргизди. Учурда жергиликтүү бийлик менен катар эл кырсыктан каза тапкандарга куран окуп жатышат.
12:54 Аким Болот Сатыкеев элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бүгүнкү митингди жыйынтыктоону сунуштоодо. Ал: "Араңардан ишеничтүү 4-5 адамды шайлагыла. Талаптарыңыздарды айтып мага, кеңсеге келиңиздер. Кабинетимдин эшиги ачык. Сиздерден маселе, талаптарды угуп, тиешелүү органдарга, бийликке жеткирели", - деди. Учурда тургундар ар ким өз көйгөйүн айтып, кырсык болгон күндөгү окуяларды айтышууда. Алар: "Ошол күнү "Тез жардам", ӨКМ аябай кечигип келип, өзүбүз адамдарды сактап жаттык. Азыр биздин бутубуз баскан жердин баары мазар. Адамдардын жаны кыйылган жерди тепсеп жүрөбүз, түшүнүп койгула", - дешти.
12:47 Учурда Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун акими Болот Сатыкеев баш болгон бир катар жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү эл арасында берилген суроолорго жооп берип жатышат. Ал эми митингдеги элдер үйүндө жаткан кишилерди митингге кошулууга үндөп кыйкырып, чакырышууда. Митингчилерди кызыктырган башкы суроо: "Эмне үчүн өкмөт элден чогулган атайын эсептеги каражатты таратпай жатат?"
12:37 Митингчилердин саны 200 адамдан ашты. Алар 2 сааттан ашык убакыттан бери кырсык болгон аймакта турушат. Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Эргешов митингден кетип калды. Элдин ортосуна чыгып сүйлөгөндөр көбөйүүдө. "Элдик кошуун", "Элдик кыймыл" дегендер келип, ар кайсыны айтып, туура маалыматтарды беришпей башты айлантып жатышат дейт жергиликтүү эл.
12:26 Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов: "Кээ бир үй-бүлөлөрдү Бишкекте, башкаларды шартына байланыштуу “Манас” айылына орноштурдук. Балдары ошол жердеги мектептерде окуп жатышат. Үй маселеси чечилмейинче аталган айылда жашашат. Качан үй маселеси чечилсе, ошол үйлөрүнө көчүшөт.
Жабыркагандардын кыркын өткөргөнгө чейин бардык шарттарын түзүп, жардам берип жатабыз. Дача СУ айылына эл чакырган күндө келип турабыз.
Көчүү маселеси бул көйгөйлүү маселе. Бүгүнкү күндө Чүй облусунда трансформация болгон, үй курууга жана элди көчүрүп барууга даяр жерлер жок. Дача СУ айылында 423 жер тилке бар, жалпысынан 7 миңге жакын адам жашайт.
Эгер мамлекет тарабынан чечим кабыл алынып, ушундай жерди трансформация кылууга тапшырма берилсе, мамлекеттин жери бар. Ушул жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуп, ал жакка бардык шарттарды түзүш, бул өзүнчө маселе. Бир гана жер берип коюш эмес, дагы маселе көтөрүлөт: үй салып бериш керек болот. Мен өзүмдүн деңгээлимде бул маселени чече албайм. Эртең мен премьер-министрге бул элдин тапшырмасын айтам. Ошол деңгээлде бул маселе чечилиш керек".
Жаңы муун саясий кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков: "Кырсык болгон жерде жашап болбойт. Бул жердин эртең төрөлө турган балдарга да зыяны тиет. Каза болгондор менен жабыркагандарга Түрк авиакомпаниясы кун төлөп бериши керек. Хан сарайда жашап жаткандарга карапайым элдин жашоосу бир тыйын. Алар элдин жашоосун ойлобойт. Элдин арасынан атайын комиссия түзүп укугуңарды коргой турган адамдарды дайындаш керек", - деп сүйлөдү.
11:50 Митингге өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов келди. Ал өз сөзүндө "Адам катары кырсыкты оор кабыл алдым. Бүгүнкү күндө эл үчүн ар кандай аракеттерди көрүп жатабыз. Эртең, эртең менен калкты көчүрүү маселесин премьер-министр менен карайбыз. Дарыгерлер жабыркагандарды карабай койсо, аты-жөнүн жазып мага кайрылгыла, мен маселеңерди чечем", - деди.
11:30 Жогорку кеңештин депутаты Алмаз Эргешовго эки ирет сөз бербей коюшту. Жаалданган эл "2 айдан бери депутаттар каякта жүрдү эле? Биринчи элди уксун, анан сүйлөсүн", - дешти. Митингчилер "эмнеге бизге окшогон карапайым эл 6 сотых жерге зар болуп жатса, чоңдор гектарлаган жерге ээ болуп жатат. Акыйкатсыздык болуп жатат. Чоңдорду эл шайлаган. Эгер эл болбосо министрлер кимге министр болмок?" деген пикирлерди айтышууда.
11:21 Митингде жергиликтүү жашоочу кайгылуу ыр окуп, нааразычылыкка келгендерди ыйлатты. Ал ырында кырсык болгон күндөгү окуяны чагылдырып жазган.
11:18 Митингге Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан фракциясынан Алмаз Эргешов келди. Мындан сырткары Жаңы муун кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбеков да митингчилердин арасында жүрөт.
11:13 Митингде сүйлөп жаткан жергиликтүү жашоочуга белгисиз бир адам келип "сен кимсиң, кайдан келдиң, кырсык болгон жерге эмне тиешең бар?" - деген суроо берди. Буга митингчилер кыжырданып аны менен жакалашып кетишти. Милиция ортого түшүп белгисиз адамды алып кетти.
11:00 Базаркул Ормонбеков, жергиликтүү жашоочу: "Элдин атынан президент Атамбаевге, төрага Чыныбай Турсунбековго, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылганбыз. Бирок 1 айдан бери жооп бербей жатат. Бүгүн да митингге өкмөт өкүлдөрүнөн эч ким келе элек".
Жергиликтүү тургун Токоев Мирлан: "Алдыга койгон максаттарыбыз талкаланды. Жаш балдарыбыз керосиндин уусунан ооруп жатат. Элдин жалгыз талабы башка жакка көчүрүү. Азыр элди басып сүйлөп жаткан Новопавловка айылынын башчысы буга чейин кадам басып келген эмес".
10:53 Жергиликтүү тургун Ысак Анарбаев: "Биздин талап коопсуз жайга көчүрүү жана өкмөт элдин үнүн угуп чечим чыгарсын. Биз элден жыйналган акчаны алганы чогулган жокпуз. Мен ушул кырсыктан улам 3 күн бою ооруканага каттадым. Атамбаевдин жанындагылар, өкмөт душмандары экен!"
10:47 Митингчилер алгач каза болгондорго багыштап куран окушту.
Авиакырсык болгон жерде жергиликтүү жашоочулар митингге чыгышты. Учурда митингчилер чогулуп, топтоло башташты. Кырсык болгон жерге келгендердин саны болжол менен 200дөй адам.
Жашоочулар бир катар талаптарын айтып, бийликтен көйгөйлөрдү чечип берүүнү суранышууда. Алар колдоруна "Кандуу жүктүн ээси ким?", "Керосин жытынан ууланып жатабыз", "Элди коопсуз жерге көчүргүлө!" деген плакаттарды көтөрүп алышкан. "Мамлекеттен эч кандай жардам жок. Биздин элди башка жакка көчүрсүн. Биз да адам катары татыктуу жашайбыз", - деген пикирлерин айтышууда жергиликтүү тургундар.
Азырынча бийлик өкүлдөрүнөн, чакырылган жетекчилер келе элек.
Эске сала кетсек, 16-январда Чүй облусундагы Аэрофлот дачалык тилкесине Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап түшүп, кырсыктын кесепетинен 34 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза тапкан. Кийин кырсыктан жабыркаган 1 адам ооруканадан каза таап, жалпы каза тапкан Кыргыз жарандарынын саны 35ке жеткен.