7-мартта Өзгөн районунда жолдор өзгөчө ыкма менен оңдолуп жатканын окурман SUPER.KG порталына кабарлаган. Бул маселе боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Өндүрүштү камсыздоо жана кабыл алуу бөлүмүнүн башкы адиси Азамат Эсалиев SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:
"Азыр күн суук болгондуктан, жолдордогу аң-чөнөктөрдү оңдоо боюнча иш жүргүзүү натыйжалуу жана сапаттуу болбойт. Күн жылыгыча коопсуздукту камсыздоо максатында, аларды топурак менен толтуруп жатышат. Бул кошумча каражатты талап кылбайт. Бирок аң-чөнөктөрдү топурак менен толтуруу боюнча буйрук чыккан эмес. Өкмөттөн оңдоо иштерине каражат бөлүнгөн, күн жылыса ал иш-чаралар да башталат", - дейт А.Эсалиев.