Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча түзүлгөн комиссиянын иликтөө мөөнөтүн узартуу маселеси колдоо тапкан жок.
Жалпы 98 депутат катталган болсо, 55 депутат добуш берүүгө катышты. Анда 30 депутат "макул", 25и "каршы" деп добуш беришти.
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова журналисттерге "50дөн кем эмес депутат "макул" деп добуш берсе токтом өтмөк" деп билдирди.
"Мөөнөттү жылдыруу бул саясий техникалык маселе болчу. Тилекке каршы, мында саясий буюртма болду. Парламентте бардык депутаттар мындай иш башына түшө турганын билет. Алар кызыкдар болуш керек эле. Мөөнөттү узартуу маселесин каралардын алдында жыйында 100дөн ашык депутат отурган. Биздин маселеге келгенде депутаттар чыгып кетти. Бул эл өкүлдөрүнүн чечими эмес, жогору жактан келген чечим", - деди ал.
Аида Салянова депутаттык комиссиянын мүчөлөрү эмнеге чогулбай жатканына токтолду.
"Каныбек Иманалиев мүчөлөрдү чогултуу аракеттерин көрө баштаган. Биз бир ай мурун Өмүрбек Чиркешовичтин камалышын билген эмеспиз. Ошондуктан менин ишим боюнча комиссия түзүлүп жатканда 1 ай деп мөөнөт коюлган", - деди ал.
Ал эми аталган фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов: "VI чакырылышта биринчи жолу депутаттык комиссиянын мөөнөтүн узартуу болгон жок", - деген оюн билдирди.
Эске салсак, КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн парламентте комиссия бир дагы чогулбаганын айткан.