"Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Кимди суракка алып кетүү үчүн анын үйүнө келишкен каржы полициясы кетти

22:10. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Александр Кимдин үйүнөн кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына парламенттин экс-депутаты Асия Сасыкбаева билдирди.

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Кимдин үйүнө келишип, кечки саат 19:20да "жүрүңүз кеңсеге барып сурак бересиз" дешти. 3 сааттан бери алар менен сүйлөшүп жаттык. Алардын колдорунда камакка алууга керектүү мыйзамдуу кагаз жок экен. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ким суракка баруу тууралуу милдеттенме жазды", - деди Сасыкбаева.

21:50. Александр Кимдин кан басымы көтөрүлдү. Бул тууралуу аны текшерген Тез жардам кызматынын дарыгери тастыктады. Анын айтымында, Кимдин ден соолугу үчүн жакынкы күндөрү ага тынчтык керек.

21:30. Александр Ким 22-мартта саат 14:00дө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка баруу тууралуу милдеттенме жазды.

21:20. Кимдин үйүнө келген тергөөчү Арзыбек Жакишев андан 22-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка келүүсүн милдеттендиргени жатат.

20:35. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, эгер Александр Ким суракка баруудан баш тартса, аны күч менен алып кетерин айтышты.

20:20. Кимдин үйүнө Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, экс-депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева, коомдук ишмер Эльмира Ибраимова келишти. Алар каржы полициясынан эмнеге Кимди алып кетүүгө келишкенин түшүндүрүүнү талап кылышууда.

20:05. Кимдин жактоочусу Сергей Воронцов келди. Аталган кызматтын өкүлү Жеңишбек Асанов Ким 6-мартта издөөгө алынганын айтты.

18:50. "Жети адам келди. Ага карата кылмыш иши козголуп издөөдө экенин айтышты. Кызматкерлер документтерин көрсөтүшкөн жок, фамилияларын дагы айтуудан баш тартышты", - дешти Кимдин туугандары.

18:40. Бүгүн, 17-мартта "Вечерний Бишкек" Жабык Акционердик коомунун мурдагы ээси Александр Кимди суракка алып кетүү үчүн анын үйүнө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу анын туугандарына шилтеме берип Заноза жазып чыкты.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматына байланышканыбызда А.Кимдин кармалышы тууралуу азырынча маалымат жок экенин билдиришти.

Айта кетсек, Александр Кимдин айынан көп жылдык кирешеден куру калганын айткан Александр Рябушкин 2015-жылы өз пайдасына Александр Кимден 388 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Сот ал талапты канааттандырган, бирок Кимдин мүлкү жок болгондуктан аталган сумма табылган эмес. Рябушкин анын ордуна Кимге таандык акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырып, Рябушкин “Рубикондун” 100 пайыз ээси болуп калган.

"Вечерний Бишкектин" мурунку ээсин суракка алып кетүү аракети болду
Александр Кимдин үйүнө каржы полициясы келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Uson13
2017-03-17 21:14:12
Бул жөн эле шайлоо алдындагы шоу референдумга окшош
+4
Hatali
2017-03-17 23:57:42
Атамбаев президент болоордун алдында ,кайсы бир газетага берген интервьюсунла айткан туруктуу мыйзам туруктуу мамлекет .Мен 2020-жылга чейин мыйзамды озгортпойм деп,кана озгортопогу? Бул бир мисал.Экинчиси менин президенттик убактым буткондо саясаттан кетем деп какшап келген эми кайра бетин табактай кылып калам деп жатат.Ойунда озум билем отугумду торго илем деп жатат окшойт шордуу...Супер инфо банга кетирип жибербесин деп коп фактыларды жазалбадым.
+9
tatynam_88
2017-03-18 00:05:57
Hatali.эл Атамбаевден тажады.баары тажады элди толкутуп озу кайда барат.тиги экоо качты эле.эми муну качырбай кармап,озун суракка алыш керек.ХХХ.суйлогон создорунон озун уяласын адам,тооба кылдым.акчасы менен жолун тазалап жатат.жеткен жери чыга алгыс ор болсо экен.эл толкуса жаман.
+2
tursunbaev78
2017-03-18 00:02:06
Эки революция буга сабак болбоду Путинди туурайм деп жатат Путин ким АША ким асман менен жер өрдөккө теңелип каздын буту сыныптыр болбосо эле болду
+7
tatynam_88
2017-03-18 00:06:37
Бара ьара коммент жазганды да жазага тартат окшойт
+7
zevs
2017-03-18 00:22:34
Kyrgyzstanda chyndik kalbady baary ozunun komochuno kul tartat kaysil mamlekettik organga barba baary akcha aluunun jolun oyloyt bugun tamojnyaga bardim baary document butup bankka akcha tolop kelsem. Ozdoruno akcha tilegendey kylyp juktu chigarbay koydu taanywtary bolso bir kundo tonnalap juktorun alyp chygyp ketip jatat bizge okwogon becharalar 4-5 kun degende aran alyp chigasyn
+4
zevs
2017-03-18 00:24:14
A biz bolso bolbogon kichine tovargo jumalap jurobuz siler jegile toygula bir kun tewip chyksyn
+4
ady-88
2017-03-18 10:13:22
Олооруно жакын калганда бул кореец чалды кыйнабай эле койбоптурда. Бечара чалга алыбыз жетет деп эле финпол дагы кыйын экен.
+2
ainur78007
2017-03-18 23:24:36
Илгерки маалдай НКВД болуп кеттиго я,кармап,камап,ун чыккан жерди баса калып жабышып....тообо
0
Almaz_kg
2017-03-18 23:56:38
Туура камаш керек куноосу болсо. Вечерний бишкекти окусан кыргыздарды 2 сорт адамдай кылып жазышат
0
Almaz_kg
2017-03-18 23:59:49
Окмот кыргыз тилин онуктуройлу колдойлу деп иш чара жургузсо замат каршылык корсотуп жазып чыгышат
0
admin_portal
2017-03-20 10:12:59
Adiletto, провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт.
Эскертүү!
0
admin_portal
2017-03-20 10:18:47
Azatbek83, такталбаган маалыматты жазуудан алыс болуӊуз. Эскертүү!
0
admin_portal
2017-03-20 10:20:29
KGstan1981, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
0
admin_portal
2017-03-20 10:22:42
Rasul1987, senchi, кимдир-бирөөнү кемсинткен, мазактаган билдирүү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
admin_portal
2017-03-20 10:24:14
tatynam_88, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан