Бүгүн жөө жүрүштө кармалган активисттер 5 суткага камакка алынышты

Бүгүн, 18-мартта сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүштө кармалгандар Мухит аттуу жаранды, Мавлян Аскарбеков, Азамат Аттокуров, Расул Умбеталиев, Айбек Мырзаны Свердлов райондук сотунан Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына алып келишти. Алар 5 суткага камакка алынышты. Маалыматты аталган жайдын башчысы ырастады.

Азыркы тапта кармалгандардын кийимдерин, акча жана башка буюмдарын алып чыгып, туугандары өткөрүп алышты. Кармалгандарга жактоочуларын киргизбей коюшту.

Жактоочу: "Эгер судья менен бүгүн кезигүүгө мүмкүн болсо, анда аппеляциялык даттануу түзөбүз. Кармалгандарды бүгүн чыгарууга мүмкүн болбосо бул иш эртеңкиге калат", - деди. Кийинчерээк судья жоктугуна байланыштуу иш эртеңкиге калгандыгын "Адилет" укуктук клиникасынын адвокаттары билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, журналисттер сөз эркиндигине байланыштуу жөө жүрүшкө чыгышкан. Байтик Баатыр көчөсү менен келе жатып Бөкөнбаев көчөсүнө жеткенде 7 адам "коомдук тартипти бузду" деп ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Алар менен кошо кармалган депутат Каныбек Иманалиев менен Би-Би-Синин журналисти бошотулган эле. Бишкек ШИИББи милиция кызматкерлери тарабынан кармалган 5 жаран боюнча материалдар Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилерин кабарлаган.

Камактагы активисттерге жактоочуларын киргизишкен жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Altyn2017
2017-03-18 19:47:00
Бул жерде Азимжан жонундо соз болгон жок бир аз башты иштеткилечи Ашанын кылган жумушун баары коруп туратко мыйзамсыз бийликтин бут бутактарын ээледи же жалганбы бут бар жокто СДПК
+16
Jaloshtalnarisbatchui
2017-03-18 20:01:26
Altyn2017,Текебаев мн Атамбаевдин тирешуусу кайдан чыккан билесинби...Конституцияны озгорозгортобуз деп...Ички иштерге башка бийликтер кийлиге алат деген берене бар эле...
-9
ozgeldi
2017-03-18 20:24:13
Оооо биринчи күндүн күркүрөшү жаааз..(сүйүнгөн быйтыкча)анан саясатчылар не болсо ошол болсун.
-2
bella.8712
2017-03-18 20:27:56
Биринчи жакшы окуп тушунуп анан жазсанар.Ажимжан жонундо соз жок бул жерде.
+9
Makain
2017-03-18 20:54:39
Оо калайык калк элди алдап жоо журушко чыгарып 5 суткага каматып Каныбек деген акам уйундо жатат жыргап. Эмнеге сасык саясатчыларды ээрчийсинер барбагыла. Эрди катын урушат кайра табышат деген кеп бар эмесби. Саясатчылар табышып жарашып алат ортодо карапайым эл эле кыйналат. Митинге чыкпагыла кыргыз элим.
-9
Kroxa
2017-03-19 23:05:18
Makain,туура айтасын акча берсе чыга калып жатышат да..саясатчыларга ишенбегиле...20 жылдан бери кимиси эмне кылды бирооно да ишенип басмак эмесмин,,элди алдап соолап митинг кылганга эле маш булар..
-1
bond02
2017-03-18 20:59:54
Ай булар кечээги Азатыкка, 24kgге... салган айыпты соз эркиндигине жасалган куугунтук деп, ошонун негизинде жоо журушко чыгып жатышат. А дегенде эле Азимжан деп кеттинер, эмне, Азимжан тушунорго кирдиби?
+10
Makain
2017-03-18 21:04:10
bond02,оой азаттыгы болобу башкасыбы сасык саясатчылардын артынан ээрчип баратып камалып жататта.
-11
udacha.kg
2017-03-18 22:29:44
Урматтуу форумчулар кыргызда "жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт" деген коп бар бирок деген менен ар бир айтылган созго жана ар бир кадамга ар ким озу жооп бериш керек. Бирок биз укуктук демократиялык олкодо жашайбыз ар бир жаран оз позициясын, пикирин билдирууго укуктуу. Бирок экинчи жарандын беделине шек келтирууго мыйзам жол бербейт.
-2
udacha.kg
2017-03-18 22:37:26
Ал эми акыркы коомдо саясатта болуп жаткан иштер боюнча алсак,чынында саясат чон бир чыналуу менен иш жургузуп жатат. Башкача айтканда саясий кысым ачыктан ачык журуп жатат. Бийлике жагымдуу суйлогондор жыргап журушот ал эми акыйкатты айткандарды каралап атышат. Эми ар киминер азыркы бийлике баа берип коргуло.
+5
Jaloshtalnarisbatchui
2017-03-18 22:40:31
Активисттер Азаттыктын позициясын колдогондор...жооп бергиле... Америкада полиция кырматкер олтурулсо демократия болобу.... созду башка жакка бурбагыла....
-8
PatriotKG01
2017-03-18 22:58:54
Jaloshtalnarisbatchui,Америка менен Кыргызстандын,Россия менен Ватикандай айырмасы бар,Американы бул жерге тыкпа.
+6
Jaloshtalnarisbatchui
2017-03-18 23:13:54
PatriotKG01,Соз эркиндиги сонун нерсе..мен 100%кошулам... бирок бир тараптуу колдонгондорго каршымын... Активисттер..Азаттык тараптарлары Азимжанды демократия деп Кыргыз элинин укугун тепселеп жатпайсынарбы... Кыргыз элинин соз эркиндиги , моралдык укугу жок..Азаттык качып жургон Кадыржанды суйлотуп Кыргыз элинин кыжырына тийип жатпайбы.... Сен каяктын патриотусун... чындык ачуу болот....
-7
Abubakir05
2017-03-19 08:03:36
Jaloshtalnarisbatchui,ошону бийлик кылып жатбайбы сен озун ошолордун адамы окшойсун.
+4
Eksvp_1
2017-03-18 23:24:07
Azzatyk 25 jyldan beri propaganda jalgan maalymat kyrgyz elinin duwmany azimjan kadyrjan delgen adamdardy
-4
Jaloshtalnarisbatchui
2017-03-18 23:30:36
Бекинип алып минус баспай ...ачыкка чыккыла активисттер... жооп жазгыла....менин соз эркиндигиме эмнеге минус басасынар.)).. колунардан келсе Банда кылмаксынар...
-6
muratkg
2017-03-18 23:40:34
Jaloshtalnarisbatchui,сен кимсин озу? Сага минус минус баскандар сенин озуно эмес жазганына басып баа берип жатышкандыр.
+7
Jaloshtalnarisbatchui
2017-03-19 00:15:47
muratkg, Ушул жоопту кутуп жаттым эле... туура айттын мага эмес .... менин жазууларыма минус басышты... АША да журналисттердин оздоруно эмес ,туура жазгыла коомду болуп жарбагыла шыбабагыла далили жок жазбагыла деди эле соз эркиндиги деп чыгышты.... активисттер колп окушунар керек дагы.... бир эле булактан эмес ар кайсы булактан....
-5
Nadyrbekkg
2017-03-19 00:35:35
Негизи митиңке чыкандарды баарын 2 айга камап салыш керек экинчи чыкпай турган болот камакта 2 ай 2 жылдай дешет.
-4
Azatbek83
2017-03-19 01:26:11
Тема башка коментарийлер башка темада тоо
0
Eksvp_1
2017-03-19 10:46:18
Almazbek Atambaev Kyrgyzstandyn taryxynda kyrgyzdyn birinchi kyrgyz eline kuigon baatyr prezidenti bolot.
-6
Adilet_adi
2017-03-19 11:03:22
Негизи журналисттер аша чаап кеткен учурлар катталган үчүн АША мыйзам чегинде такталбаган маалыматты тактап туруп жазгыла дедиго мен колдойм президентти. Бизге митинктин кереги жок перезидентибиз жакшы эле аракет кылып жатпайбы тиги чиновниктер, депутаттардын иштейин деген ойу жок жалгыз президенттин колунан эмне келмек эле.
-2
Almacom
2017-03-19 20:28:02
Бироонун тура эмес кылганын айта албасан жаза албасан анда адам эмесин,адам болгондон кийин соз эркиндиги болуш керек.Ал сенин жеке конституциялык укугун деп ойлойм.Бийликтин минустарын журналистер айтпаса ким айтмак эле.Эртен эле КТР м.н ЭлТр 7каналга окшогон мамалекетик каналдын журналистери митинге чыга турган убакыт келип калышы мункун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан